КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Санарип мугалимди методикалык жактан колдоо

2020-жылдын 10-сентябрь күнү Билим берүү жана илим министрлигинде республика боюнча «Санарип мугалимди колдоо» темасында 15:15 те вебинар болуп өттү. Ага 100дөн ашуун башталгыч класстардын мугалимдери, мектептин усулчулары катышты. Вебинарда Ч.А.Аттокурова Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын башчысы модератор, ага илимий кызматкери жана Б.Майлиева шаардык 72-мектептин башталгыч класстарынын мугалими, тажрыйба бөлүшүү менен предметтер боюнча суроолорго жооп беришти. Вебинардын жүрүшүндө презентация көрсөтүлдү.

Вебинар мугалимдер үчүн  кызыктуу, пайдалуу болду. Анда:

  • Мамлекеттик стандарттын өзгөчөлүгү;
  • Предметтик компетенттүүлүктөр жана компетенттүүлүктөрдүн байланыштары;
  • Кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруудагы репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү тапшырмалар;
  • Окуу китептерине талдоо (математика предметинин мисалында 3-класс, авторлору И.Бекбоев, Н.Ибраева, 2016-ж )
  • Суроо-жооптор каралды.

Берилген суроолорго мугалимдер толугу менен жооп ала алышты.

                                                                                               Аттокурова Ч

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial