Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Алымбаева Бермет Бекешовна 27-28 сентябрда Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Тоскол-Ата айылындагы №5 Н.Токторбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине жана Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак айылындагы №6 М.В.Ломоносов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине барып, мугалимдери менен жолугушуп, учурдагы билим берүү жаатындагы жетишкендиктер жана окутуудагы көйгөйлөр, окуучулардын сабакка катышуусу, сабакты өздөштүрүүсү, мектептеги маселелер, мугалимдердин иш-аракеттери, окуучуларды эмгекке тарбиялоо тууралуу маектешти.
Б. Алымбаева, Г. Мансапова




