КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

2023-жылдын 9-августунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндүк тармактык реформаларды жүргүзүү боюнча чакырыктардын биринчи тобунун ишинин жыйынтыктары, анын ичинде “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” багыты боюнча жыйын өткөрүлдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын расмий башталышы 2023-жылдын 17-мартында Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын катышуусунда болгонун белгиледи. Программа Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформаларды жүргүзүүнүн атайын механизми “мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарга жетиши керек деген методология” болуп саналат.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыргандыгы жана Кыргыз Республикасында реформаларды жүргүзүүнүн жаңы инструментин ийгиликтүү киргизүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жумушчу топтун мүчөлөрү Министрлер Кабинетинин Ыраазычылык каты менен сыйланышты:

– Бакиева Нуржамал Абдуманнабовна – Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын башчысы;

– Асанбаева Бермет Иманалыевна – Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын жетектөөчү адиси.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial