КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Профессор Бекбоев Исак Бекбоевичтин 90 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Педагогикалык кызматкерлердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабанын өткөрүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Педагогикалык жана социалдык илимдердин Эл аралык академиясынын академиги (Москва ш.), илимий мектептин негиздөөчүсү,  педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев Исак Бекбоевичтин 90 жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция 2020-жылдын 31-январында саат 9.30да Бишкектеги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун жыйындар залында болду.

 

Конференциянын негизги максаттары:

– билим берүү менен илимди өнүктүрүүнүн негизги факторлору болгон улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын маанисин жогорулатуу;

– заманбап билим берүү менен илимдин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун издөө.

Конференциянын милдеттери:

– билим берүү менен илимдин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн платформа түзүү, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн жаңы жыйынтыктары менен таанышуу, натыйжаларды талдоо жана аларды практикада колдонуу;

– конференциянын катышуучуларына кызматташуу үчүн биргелешкен илимий программаларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;

– илимий маалыматтык мейкиндикти кеңейтүү, жаңы идеяларды жана изилдөө долбоорлорун колдоо.

Конференциянын пленардык отуруму жана секциялардын иши төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлдү:

  1. Улуттук баалуулуктар менен инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү жана тарбиялоо боюнча алгылыктуу тажрыйбалар.
  2. Жалпы орто билим берүүнүн  мазмунун      компетенттик негизде оптималдаш-тыруунун теориялык жана методологиялык маселелери.
  3. Жаштарга илимий-техникалык билим берүү контекстинде математикалык жана табигый-илимий билим берүүнү модернизациялоо.
  4. Мектепке чейинки, мектептик билим берүүнүн уланмалуулугун камсыз кылуу.
  5. Ааламдашуу шартында кесипке багыттап, кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн актуалдуу проблемалары.

Конференциянын катышуучулары:

Конференцияга Казакстандан, Россиядан, Украинадан, Өзбекстандан, Республиканын жогорку окуу жайларынан, алыскы региондордогу мектептерден, Бишкек шаарынын мектептеринен ж.б. билим берүү мекемелеринен окутуучулар, жалпы орто мектептерден мугалимдер,  аспиранттар, изденүүчүлөр жана магистранттар катышышты.

Конференцияда маараке ээсин куттуктоого: Исаков К.А., КР Билим берүү жана илим министри, КР Президентинин аппаратынан С.Раев, Абылкасымова А.Е., Казакстан Республикасынан, Королева Е.Н., Россия Федерациясынан (онлайн куттуктоо), Рахманкулова С.И., Өзбек Республикасынан (онлайн куттуктоо), Садыков Т.С., Кыргыз Эл Баатыры, Жуматаев М.С., КР УИАнын президенти сүйлөштү.

Андан соң пленардык отурумдун докладдары окулду:

  1. Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын (2021-2040) контекстинде улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү.

Токтомаметов А.Д., Кыргыз билим берүү академиясы

 

  1. О модернизации общего среднего образования в Республике Казахстан.

Абылкасымова А.Е., Казакстан Республикасы

 

  1. Улуттук педагогиканын устаты Исак Бекбоевдин өмүр жолунун белгисиз барактары.

Байгазиев С. О., Кыргыз билим берүү академиясы

 

  1. Билим берүү системасын моделдештирүүгө эксперименттик мамиле.

Бегалиева Т., Алай району, К. Султанов атындагы мектеп

 

  1. Исак Бекбоевдин дидактикалык эмгектерин педагогика дисциплинасын окутууда колдонуу маселелери.

Алимбеков А.А.,Кыргыз-түрк «Манас» университети

 

Докладдар бүткөн соң А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин окуучуларынын чакан концерти тартууланды.

Кезек, сыйлыктарды тапшырууга келип жетти.

Бекбоев Исак Бекбоевич атындагы медаль төмөндөгү кызматкерлерге берилди.

КББАнын Окумуштуулар кеңешинин чечиминин (2020-жылдын 24-январындагы №28 жыйынынын протоколунун) негизинде:

  1. Калдыбаев Салидин Кадыркуловичке – п.и.д., проф., Ала-Тоо Ата-Түрк эл аралык университетинин проректору;
  2. Абылкасымова Алма Есимбековнага – п.и.д., проф., академик, КР УИАнын мүчө- корреспонденти, Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги (Москва ш.), Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетиниН кафедра башчысы;
  3. Ибраева Нуржамал Ибраевнага – п.и.к., проф., КР Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкер, Россиянын Педагогика жана социалдык академиясынын мүчө-корреспонденти, математика боюнча оригиналдуу окуу-усулдук комплекстеринин автордук тобунун мүчөсү (көзү өткөндөн кийин);
  4. Мадаминов Гапыр Мадаминовичке – п.и.к., КР Эмгек сиңирген мугалими, Баткен областынын Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору.

Кийинки кезек секциялык иштерге келип жетти. Ал иштер Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинде (мурдагы УКГ №5) уланып, төмөндөгүдөй 5 секция иштеди:

1-секция. Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде окутуунун жана тарбиялоонун алдыңкы тажрыйбалары.

2-секция. Компетенттүүлүк негизде билим берүүнүн мазмунун теориялык жана методологиялык оптималдаштыруу маселелери.

3-секция. Жаш муундарга илимий-техникалык билим берүүнүн контекстинде математикалык жана табигый илимдерди окутууну модернизациялоо.

4-секция. Мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнүн уланмалуулугун камсыздоо.

5-секция. Ааламдашуу шартында кесипке багыттап, кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн актуалдуу маселелери.

Конференциянын катышуучулары  «нукура улуттук педагог» деп айта тургандай эмгеги бар, улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүнө өзүнүн практикалык да, теориялык да жактан бараандуу салымын кошкон инсан – Исак Бекбоевич Бекбоев деп баса белгилешти. Себеби Исак Бекбоев бүткүл өмүрүндө улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүн уюштургандардын, аны башкаргандардын да ири өкүлү боло алды. Анын ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарын аныктап, окутуу-тарбиялоонун негизги маселелерин чечүүдө өз ордун таап, өз сөзүн айтып, үнүн кошуп, заманга жараша улуттук окуу китептеринин негизги принциптерин иштеп чыгууга белсенип, мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө өмүрүн сарптап келди.

Конференциянын жыйынтыгында төмөндөгүдөй маселелерди чечүүнүн зарылдыгы баса белгиленди:

  1. Профессор Исак Бекбоевдин окуу китептерин, илимий-методикалык идеяларын мектептерде, педагогикалык орто жана жогорку жайларында кенен жайылтуу;
  2. Кыргыздардын салттуу билимдерин жана тажрыйбаларын кеӊири жайылтуу;
  3. Кыргыздын салт, нарк, каада, үрп-адат жана ырым-жырымдары – жаштарга улуттук баалуулуктар аркылуу тарбия берүү;
  4. Мамлекеттик стандартка негизделген улуттук мазмундагы, нукуралуу, жаӊы муундагы, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруучу окуу-методикалык комплекстерин түзүү – мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн негизи катары саналуусу;
  5. Чыгармачылык менен иштеген жаӊычыл мугалимдердин тажрыйбаларын окуп-үйрөнүү, системалаштыруу жана бардык билим берүү мекемелерине жайылтуу менен алардын андан ары көбөйүүсүнө зарыл шарттарды түзүү;
  6. Жаңычыл мугалимдердин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу, жаңычыл, мугалимдердин  педагогикалык идеяларынын банкын түзүү;
  7. Ата-энелердин бала тарбиялоодогу ролун жана балдарынын мектепте татыктуу билим алуусу үчүн жоопкерчилигин күчөтүү;
  8. Мектептин шартында мугалимдердин информациялык-коммуникациялык компетенттүүлүктөрүн жогорулатуунун актуалдуулугун мындан ары да арттыруу;
  9. Санариптештирүү доорунуну талаптарына ылайык электрондук окуу китептерин түзүү.

Акырында резолюцияны кабыл алуу, сертификаттарды жана сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Сертификаттар конференциянын бардык катышуучуларына тапшырылды. Андан сырткары Кыргыз билим берүү академиясынын Ардак грамоталары, Мамлекеттик тил Комиссиясынын төш белгилери жана Ардак грамоталары өзгөчөлүү докладдары үчүн айырмаланган айрым катышуучуларга тапшырылды.

Негизинен Бекбоев Исак Бекбоевичтин 90 жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгү тууралуу ой-пикирлер айтылды. Конференциянын катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган А.Ибирайым кызы

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial